Вена шаарында Кыргызстандын делегациясы Шанхай кызматташтык уюмунун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча атайын иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Бириккен улуттар уюмунун баңгизат каражаттар боюнча комиссиянын 67-отурумунун алкагында өтүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, террорчулукка жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө практикалык кызматташууну бекемдөө маселелери талкууланды.
Иш-чарага БУУнун БКБнын координациялык бөлүмүнүн башчысы Тофик Муршудлу, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Шухрат Собирзода, ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында катышуучулар коопсуз жана туруктуу келечек куруу үчүн жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча улуттук күч-аракеттерди активдештирүү жана эл аралык күч-аракеттерди колдоо, анын ичинде баңгизаттардын, уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын жана терроризмдин өз ара байланышкан көйгөйлөр чечүүгө багытталган практикалык чараларды кабыл алуу макулдашылды.