Бүгүн, 23-мартта өлкөдө эртең менен 40 мүнөт аралыкта эки жолу жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө саат 09:22де Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймагында катталды. Анда жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Ал эми экинчи жер титирөө саат 10:01де Жалал-Абад облусунун Өзбекстан менен чектеш аймагында катталды. Оору Бузук айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Терек-Сай айылынан 5 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болгон. Ал жерде жердин термелиши болжол менен 3,5 баллга чейин сезилди.