Министрлер кабинети 2025-жылы өлкөдө айыл чарба каттоосу жүргүзүлөрүн билдирди

2025-жылы өлкөдө айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл чарба каттоосу - айыл чарбасынын түзүмү жөнүндө сандык маалыматтарды чогултуу боюнча масштабдуу мезгилдүү статистикалык операция. Ошондой эле азык-түлүк жана экономиканын агрардык секторун өнүктүрүү жаатындагы маалыматтардын негизги булактарынын бири болуп саналат.

Каттоонун негизги максаты - эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалыматтарды алуу.

Өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосу 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейинки мезгилге пландаштырылган. Мында малдын жана үй канаттууларынын санын бир жолку өткөрүү жана кайра санап чыгуу каралган.

"2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо аймагында (Гүлбахор, Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чогом айылдары) Чек-Абад (Кочубаев, Агроном, Жакшылык, Жар-Кышлак, Кукалапаш, Максим-Тобу, Пахтачы, Төлөйкөн айылдары), Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Краснореченский (Красная Речка айылы) жана Милянфан (Милянфан айылы) айыл аймактарында сыноо катарында каттоону өткөрүү пландалууда.

Айыл чарбалык каттоонун субъекттери болуп өлкө аймагында жайгашкан айыл чарбасына багытталган мамлекеттик жана жамааттык чарбалар (анын ичинде окуу жайларынын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермер) чарбалары, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбалары жана жеке көмөкчү чарбалары (анын ичинде жамааттык бакчалар жана короолор) саналып, айыл чарба каттоосу жерди пайдалануу бөлүмү боюнча документтик далилдер менен жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан