Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын реформалоо жана модернизациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул жөнүндө президенттин администрациясынан билдирди.
Анда мамлекет башчысына техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр, жетишилген жыйынтыктар, ошондой эле ишкананы оптималдаштыруу жана реформалоо боюнча пландар тууралуу маалымат берилди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, учурда "Кыргызжылуулукэнергонун" балансында 160 откана бар. Алар республика боюнча 53 миң 226 абонентти жылуулук менен камсыз кылат, көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн 75 пайызын жеке адамдар түзөт.
"Анын маалыматына ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча аймактык филиалдардын биригүүсүнүн, ошондой эле ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жакшыртуунун жыйынтыгында ишкананын таза кирешеси 111 млн сомду түздү. Ошону менен бирге Таалайбек Ибраев тарифтин төмөндүгүнөн улам калк үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен субсидия катары эки миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын белгиледи.
Президент жылуулук берүү системасында коррупциялык көрүнүштөр болуп жатканын баса белгилеп, ал Жогорку Кеңештин депутаты кезинде эле ишкананы реформалоо маселесин бир нече жолу көтөргөнүн эске салды.
Садыр Жапаров "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн ыкчам тартипте кайра карап чыгуу, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоону камсыздоо зарылдыгын белгиледи" деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле өлкө башчы мэрлердин, акимдердин жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн баалоонун критерийлеринин бири абоненттерди жылуулук менен камсыз кылуу жана жылуулук менен камсыздоо объектилерин өзүн-өзү актоочу деңгээлге чыгаруу боюнча көрсөткүчтөр болушу керектигин баса белгиледи.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров жылуулук менен камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин кабыл алууну жана анын мөөнөтү аяктаганда субсидия төлөө токтотуларын белгилөөнү тапшырды.