Кечээ, 25-март күнү шаардагы жалгыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.
Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ардагердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.