Жүздөн ашуун өмүрлөрдү сактап калган Ислам Халилов аны колдогондордун баарына ыраазычылыгын билдирди.
Ал өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу жапа тырмак колдоп жаткан жандарга ыраазычылыгын билдирип, "Мен кыргызмын!" деп видео жүктөгөн.
"Мени колдоп, жардам берип жаткандыгыңар үчүн баарыңарга рахмат. Досторума, туугандарыма баарына ыраазычылык билдирем.
Мен кыргызмын! Кыргызстан, алга!", - деди Ислам.
Эске салсак, кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамдын өмүрүн сактап калган.