Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды ыктыярдуу бузуу иштери уланууда (сүрөт)

Бишкекте "Мадина" базарынын түштүк тарабында жайгашкан кафе, ашкана жана бастырмалар ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган. Буга чейин мэрия тарабынан муниципалдык аймакты бошотуу боюнча эскертүү берилген.
Мындан тышкары, Абакан көчөсүнүн 121-дарегинде жайгашкан 52 даана жеңил объекттер ыктыярдуу түрдө алынды .
"Жеңил объекттер турган жер тилке жашылдандыруу үчүн ижарага берилген, бирок багытсыз пайдаланылып, контейнерлерди сактоо үчүн колдонулуп келген. Жер тилкеде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча мэрия тарабынан текшерүү актысы түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан