Кендирбаева: "Сентябрда мугалимдердин билим деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өтөт"

Өлкөдө 12 жылдык окуу башталса, жаңы мугалимдер талап кылынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө орус тилдүү мектептерде гана мугалимдер жетишпейт.

“Учурда 0-классты даярдаган мугалимдер бар, ошондуктан жаңы мугалимдер талап кылынбайт. Бирок педагогикалык стандарттар өзгөрөт. Акча көбүрөөк китеп сатып алууга жана этап-этабы менен адистештирилген класстарды камсыздандырууга жумшалат. Айлык көтөрүлгөнгө чейин 3-4 миңге чейин мугалим жетчү эмес, азыр мындай маселе жок. Маяналар 100-80 пайызга көтөрүлгөндөн бери окутуучуга суроо-талап жогору болууда. Илимдер академиясынан жөнөкөй мугалимдикке кеткендер да бар”, - деди Кендирбаева.

Ошондой эле ал бул система кирсе окуучудан тартып мугалимге чейин өзгөрөрүн, билим берүүнүн сапаты жакшырарын кошумчалады.

"Ушул жылдын сентябрынан баштап, жалпы мугалимдердин билим деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Бул жазалоо эмес. Мында жалпы окуу мекемелердин рейтингдери чыгат. Алсак, алар кандай окутуп жаткандыгы, кесиптик курстарды өркүндөтүүдө кемчилиги жана мугалимдердин муктаждыгы аныкталып, ошого жараша биз дүйнөлүк онлайн курстарды илип коёбуз.

Курстарды мугалим баланы окутууда пайдаландыбы бүт баарын жасалма интелект көрсөтүп турат. Андан кийин баланын билим деңгээли текшерилип, мугалимге кошумча эмгек акы төлөп беребиз. Базалык эмгек акы калат. Мисалы, мугалимдин базалык маянасы 20 миң сом болсо, бирок мугалим жакшы натыйжа берсе 120 миң сомго чейин айлык ала алат. Бул билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө дем берет", - деди министр.

Сентябрда мугалимдердин билим деңгээлин аныктоо үчүн республикалык тестирлөө өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан