Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда теракт уюштурууга шектелген сегизинчи адам кармалды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери "Крокус Ситидеги" терактка шектүү катары 32 жаштагы Алишер Касимовду кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча ал батирди террорчулардын бири Фаридуни Шамсутдинге ижарага берген.
"Касимов орус тилин билет, теги кыргызстандык болгон Орусиянын жараны. Ал үй-бүлөлүү, үч кичинекей баласы бар. Ал ипотека төлөп келген жана жеке ишкерлик кылат - кафе иштетет.
Касимов үйүндө кармалган. Судьянын "сизге эмне үчүн айып тагылып жатканын билесизби?" деген суроосуна Касимов "жөн эле батирди ижарага бергеним үчүн" деп жооп берди. Ал "Крокустагы" теракт тууралуу билбегенин айтууда", - деп жазды аталган телеграм канал.
Сот аны эки айга камакка алды. Сот учурунда тартылган видеодо көрүнгөндөй, Касимовдун апасы "Ай балам" деп катуу ыйлаган.