28-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Калаа мэриясы калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырат.