Билим берүү министрлигинин Юнисеф менен кызматташуу программасына кол коюлду

Бүгүн, 26-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин Юнисеф менен кызматташуу программасына кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен маалымат беришти.

Ага ылайык, тиешелүү документке министр Догдуркүл Кендирбаева менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло кол койгон.

Программа калктын, өзгөчө аялуу топтордун туруктуулугун жогорулатууга, дареметти күчөтүүгө жана татыктуу жумуш орду менен камсыз кылууга багытталган.

"2024-2025-жылдарга билим берүү тармагындагы иш планы балдар үчүн гендердик маселелерди жана майыптыгы бар балдарды эске алуу менен стандарттарды жана окуу программаларын иштеп чыгууну, сапаттуу инклюзивдик билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну, жетишкендиктерди баалоо системасын кайра карап чыгууну камтыйт. Мындан башка бардык мектептерди интернетке жана онлайн-окутууга кошууну, ата-энелерде тарбиялоо көндүмдөрүн жана моделдерин өркүндөтүүнү колдоо камтылган" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан