Эртең, 27-мартта күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,
Бишкек шаарында түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22.