Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Муфтияттын өкүлү жооп берет

Өлкөдө Кадыр түн 5-апрелден 6-апрелге караган түнгө белгиленди. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү - Орозо айынын акыркы так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү Орозонун 26-күндөн 27-күнгө караган түнү деп эсептешет.

SUPER.KG порталы Кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери жана Кадыр кечесин туура тосуу тууралуу Муфтияттын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулунан жооп алды.

"Кадыр" деген сөздүн чечмелениши

"Кадыр түн" деген сөздү үч мааниде чечмелесек болот.

  1. "Кадыр" дегендин мааниси "тагдыр" тагыраак айтканда, ушул жылдан кийинки жылга адам баласынын тагдыры дагы да такталып, жазылчу түн деп айтсак болот.
  2. "Кадырлуу" кыргызча айтылгандай "урматтуу", "сыйлуу" деген мааниде. Себеби Кадырлуу периште кадырлуу китеп Куранды Мухаммад Пайгамбарга алып түшкөн.
  3. "Тардык" деген маанини билдирет. Тагыраагы, бул түндө бардык периштелер жер бетин каптап, жер бетинде орун калбай тар болуп калат деген баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт.

Кадыр түндүн белгилери

  • Бул түнү ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал болбойт;
  • Бул түн тынч, бейпил келип, асман булутсуз жана жаансыз болот;
  • Күн чыкканда ай толгон убактагыдай нурсуз чыгат.
Өлкөдөгү ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун убактылары (календарь).

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Миң айдан артык Кадыр түн Кудайдын пенделерине берген чоң нематы, жакшылыгы десек болот. Бул күнү Кудайга жаккан ибадаттар, амалдар менен убакыт өткөрүү керек. Намаз жана Куран окуп, зикир чалса болот. Кээ бирлери Кадыр түндү Күн баткандан Күн чыкканча убакыт деп ойлошот. Бирок андай эмес. Кадыр түн дегенде ооз ачкандан таң атканча, ооз жапканга чейинки аралыкта болот.

Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен маек.

Кадыр түндө эмнелерге тыюу салынган?

Кадыр түндө Кудайга жакпаган, тыюу салган нерселердин баарына ошол күнү дагы тыюу салынган болот. Алсак,

  • калп айтпоо
  • жаман сөз сүйлөбөө
  • бирөөнүн көңүл оорутпоо
  • күнөө иштерден алыс болуш керек жана башка ушул сыяктуу нерселер.

Быйылкы битир-садаканын өлчөмүн шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

Кыздар да мечиттерге барып жаамат менен Кадыр түн тосконго болобу?

Чындыгында, аялзатына бардык мечиттерге барууга мүмкүнчүлүк жок. Чоң мечиттерде эле атайын уюштурулуп калбаса. Ошондуктан кыздардын мечитке барышы шарт эмес. Үйүндө өткөрсө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан