Жалал-Абадда 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков муниципалдык базардын соодагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы "Телтору" ат майданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.
Ага ылайык, буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.
Белгилей кетсек, "Телтору" ат майданы башка аймакка көчүрүлүп, заманбап ат майдан курулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан