Географиялык жер-суу аттары кандай жазылат? SUPER.KG порталынын "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул чыгарылышында дал ушул темага кайрылабыз.
Туура жазуу эрежесин тилчи Нуркалый Масалбеков айтып берет.
Мисалы, Ысык-Көлгө барам дегенде баш тамга менен жазылат. Ал эми ысык-көлдүкмүн деп жазганыбызда кичинекей менен жазылат.
Тагыраак айтканда -лык мүчөсү уланганда дайыма кичинекей тамга менен жазабыз.
Толугу менен видеодон көрүңүз!