Шылуундар менин атымдан акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, шылуундар анын атынан мамлекеттик кызматкерлерге телефон чалып, ар кандай керектүү техникалар алынганын айтып, бажы төлөмдөрүн терминал аркылуу төлөөнү талап кылышкан.