Орусиянын аэропорттунда кармалып турган кыргызстандыктар бүгүн өлкөгө кайтып келет

Бүгүн, 27-мартта Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктын бардыгы өлкөгө кайтып келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аба майданда кармалып турган жарандар ушул күндөгү авиакаттамдардагы бош орундарга билет алышты. Москвадагы элчилик аларды кайра Кыргызстанга кетирүү үчүн "Аэрофлот" компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийин Орусияга барган айрым жарандар өлкөгө кире албай калган. Алардын дээрлик бардыгы бул өлкөнүн аймагында мурда жүргөн мезгилде административдик эреже, мыйзамдарды бузуп, "кара тизмеге" кирип калгандар. Кээ бирлери “Орусиянын коомдук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн” деген себептер менен кире албай калышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Крокустагы" кандуу окуядан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеме Орусиянын бардык аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан