Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо кайрадан башталды

Кечээ, 26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, суучулдар Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, бир күндө 4 миң 100 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Ага ылайык, суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканы кабарланат.
Эске салсак, өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 миң 545 килограмм таштанды, 218 миң 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан