Айбек Жунушалиев Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушту

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен "Манка-Жар" коктусундагы сел тосмодон суу ташып, натыйжада Арча-Бешик конушунун көчөлөрүн жана үйлөрдү каптаган.

Ага ылайык, калаа башчы селдин кесепеттерин жеринде тез арада жоюуну тапшырды. Ошондой эле сел сууларын буруучу каналды жана ирригациялык-дренаждык тармактарды долбоорлоо жана куруу, коргоо зоналарынын чек араларын аныктоо жана мыйзам бузуучуларга чара көрүү боюнча милдеттерди койду.

"Тургундар менен жолугушууда бардык көйгөйлүү маселелер талкууланды. Кайрылуулар негизинен ирригациялык тармактарга жана жолдорго тиешелүү болду",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда жеринде атайын техника иштеп, сел жүргөн конушунун көчөлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан