Эртең, 28-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми Чүй, Жалал-Абад облустарында жаан катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,
Баткенде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте эртең кечке жуук жаан себелеши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.