Ошто мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын “Жибек жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы С. Айни көчөсүндө жайгашкан №47 орто мектебинин аймагындагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар ээсинин макулдугу менен буздурулду.
Белгилей кетсек, “Дорул-шифо” клиникасы узундугу 131 чарчы метрден ашуун чатырын, 35 чарчы метр жерге жайгашкан отказанын аталган мектептин короосуна куруп алган.
Бүгүнкү күнгө чейин ижара акысы төлөнбөй, эч кандай уруксат кагазы жок иштетилип келген.