Экс-депутат Эмил Жамгырчиевге айыбы угузулду

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши каралып, ага айыптоо актысы угузулду.

Жамгырчиев Өзбекстан менен болгон чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айып тагылууда.

Андан соң далилдерди изилдөө тартиби бекитилип, сот алгач күбөлөрдөн көрсөтмө алууну токтом кылды. Бүгүнкү отурумга күбөлөр чакырылбагандыктан улам, кийинки жараян 16-апрелге белгиленди. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Эске салсак, былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Жыйында Жамгырчиев өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон.

Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан