Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин кимдер алышы керек?

SUPER.KG порталынын Пайдалуу кеңештер түрмөгүндө бул жолу милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси тууралуу сөз кылабыз. Суроолорубузга Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү Света Байтикова жооп берди.

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу деген эмне?

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу бул социалдык камсыздоо системасы болуп саналат. Анын алкагында жарандарга камсыздандыруу учуру келгенде мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде консолидацияланган бюджеттин эсебинен медициналык жардам көрсөтүүгө, медициналык тейлөөгө жана дарылоого кепилдиктер берилет.

- Медициналык камсыздандыруу полисин ар бир жаран милдеттүү түрдө алышы керекпи?

- “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы боюнча өлкө аймагында жашаган ар бир жаран камсыздандырылган болушу керек. Анын ичинде Кыргыз жарандары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуган жана иштеген чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана өлкөдө баш паанек издеген адамдар. Кайрылмандар медициналык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш, эгерде аларга камсыздандыруу төгүмдөр төлөнбөсө.

- Медполисте кандай жеңилдиктер каралган? Менчик ооруканаларда дагы жеңилдиктер болобу?

- Социалдык чегерүүлөрдү төлөбөгөн жана камсыздандырылган жаран болуп саналбаган жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК полисин) сатып алышы керек. Ошол эле учурда ал камсыздандырылган жарандар менен тең болот жана төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ болот:

1. Амбулаториялык деңгээлде текшерүү, адистердин консультациясы, дарылоону дайындоо, эмдөөлөрдүү жүргүзүү, ийне сайуу (дары-дармектерди жана шприцтерди бербестен), базалык анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү (12 түрү), кошумча анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү.

2. 50 пайыз жеңилдик менен реабилитациялык жана физиотерапиялык жардамга, күндүзгү стационардын кызматтарына (дары-дармектерди, системаларды жана шприцтерди бербестен).

3. Мамлекеттик стационарларда орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөөдө (840-1510 сомго чейин).

Жеңилдетилген дары-дармек каражаттарына арзандатуулар, электрондук рецепт аркылуу 50 пайызга чейин арзандатуу менен алса болот.

Мындай жеңилдиктер мамлекеттик медициналык мекемелерде көрсөтүлөт.

- Медполисти албай койсо болобу?

- Өлкө аймагында жашаган ар бир жаран биздин мыйзамдарды сыйлап, сактоого милдеттүү. Мүмкүн, бирок бул жарандар медициналык, профилактикалык, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызматтарына өз алдынча прейскурант боюнча төлөшөт, ал эми бул 5—6 эсе кымбат.

- Медполисти алуу үчүн ар бир жаран канча сом өлчөмүндө акча төлөйт?

- Социалдык чегерүүлөрдү жүргүзгөн жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар камсыздандырылган болуп эсептелинет. Камсыздандырылбаган Кыргыз жарандар 1840 сом 12 айга , чет өлкөлүк жарандар үчүн 5955 сом 6 айга жана 11910 сом 12 айга, ММК полисин сатып ала алышат.

- Кыргызстанда канча адам мамлекет тарабынан камсыздандырылган?

- Бүгүнкү күндө 4,7 миллион (74%) жаран камсыздандырылган. Анын ичинде:

  • ММК төгүмдөр түшүп жаткан иштеген жарандар,
  • ММК полиси бар, анын ичинде ММК боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөн адамдар,
  • ММК боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрү, пенсионерлер,
  • 16 жашка чейинки курактагы балдар, калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар,
  • орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери,
  • өлкөдөгү аскер кызматчылары, ай сайын социалдык жөлөк пул алган адамдар).

- МКК полисин канча убакытка алуу керек? Чет өлкөлүк студенттер дагы алышы шартпы?

- Социалдык чегерүүлөрдү төлөбөгөн бардык камсыздандырылбаган жарандар 6 же 12 айга ММК полисти, анын ичинде чет өлкөлүк студенттер өз каражаттарынын эсебинен сатып алышы керек. Анткени алар социалдык чегерүүлөрдү төлөбөйт.

- Кош бойлуу аялдарга бекер полис берилеби?

- Ооба, кош бойлуу аялдар ҮМБ/КПКда кош бойлуулугу боюнча каттоодо тургандар 12 календарлык айга ММК Полисин акысыз алышат. Былтыр 55 670 кош бойлуу аялдар ММК полисин алышкан.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан