Үч ай аралыгында Соцфонддун Call-борборуна үч миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Социалдык фонддун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Соцфонддон билдиришти.

Маалымдалгандай, 1202 кыска номуруна жалпы 3909 жаран пенсиялык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издеп кайрылышты.

Ага ылайык, ушул жылдын март айында Call-борборго 1101 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 692и телефон аркылуу түшкөн чалуулар. Ал эми 409у сайттагы онлайн-оффлайн чат аркылуу түшкөн кайрылуулар.

"Социалдык фонддун Call-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет. Социалдык фонддун Call-борбору квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан