Ош облустар аралык бириккен оорукананын төрөт бөлүмү жаңыланды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында капиталдык оңдоодон өткөн имараттын ачылышына Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Ош облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалымдалгандай, капиталдык оңдоого жалпысынан 40 миллион сом акча каражаты сарпталды.

Белгилей кетсек, төрөт стационарынын гинекология, кош бойлуулар патологиясы, ультра үн менен изилдөө бөлмөсү, тиш дарыгер бөлмөсү, медициналык калыбына келтирүү, инфекциялык көзөмөл бөлмөлөрү, төрөт стационарынын жетекчилиги жайгашкан бөлүм жана конференция залы оңдоодон өтүп, заманбап жасалгаланып талапка ылайык шарттар түзүлдү.

"Облус башчысы өз сөзүндө жаңы имараттын колдонууга берилип, бейтаптар үчүн, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар кубанаарлык денгээлде болгонун, мындан ары да бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо болоорун баса белгилеп, жалпы жамаатка ийгилик каалады",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жумушта өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан