Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;

Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан