Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде жарык көрөт

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде жарык көрөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, 4-апрелде Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы Эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулованын жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташууну, анын ичинде кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселеси талкууланды. Ырларды азербайжан тилине котормосун акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил даярдаган.

"Актоты Райымкулова белгилегендей, Эл аралык фонд Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын басып чыгаруу демилгесин колдоп, эки түрк элинин маданиятын жакындатууга кызмат кылат. Бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан