Кыргыз футбол бирлигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-апрелде Бишкектеги Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аймагына барды.
Анда Ташиев 45 миң кишилик стадиондун курулушу эки жылда бүтө тургандыгын билдирди. Ал эми, бул жылы КФБнын жана Кыргыз Республикасынын футболду өнүктүрүү фонду, мэриялар, аймактык башкаруу органдарынын көмөгү менен он эки стадион реконструкциядан өтүп, эки жаңысы курулат.
Ошондой эле ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.