Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 18 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө.
"Келин 23-мартта төрөтканага "Тез жардам" менен оор абалда келген. Дарыгерлер консилиум өткөрүп, кесарево жолу менен төрөткөн. Ичиндеги балага 31 жума болуптур, ымыркай 1 килограмм 800 грамм салмак менен төрөлгөн. Келиндин абалы начар болуп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан, 24-мартта каза болду. Ымыркайдын да абалы оор болчу, кечээ, 4-апрелде ал да чарчап калды. Келиндин өлүмү бизге да түшүнүксүз болуп калды", - деди Асылбашева.
Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы менен баа берилерин кошумчалады.