Камчыбек Ташиев борбордогу стадиондун курулуш иштери менен таанышты (сүрөт)

Бүгүн, 5-апрелде УКМКнын төрагасы, Кыргыз Футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Бишкекте курулуп жаткан жаңы футбол стадионунун курулуш иштери менен таанышты.

Ташиевдин айтымында, бул стадионду курууга жалпысынан 60 миллион доллар керектелери болжолдонууда.

“Президент 1,5 жыл мурда бул масштабдуу стадионду куруу планын алдыбызга койгон. Бирок бул маселе быйыл жазында эле чечилип, куруу иштери активдүү жүрө баштады. Негизинен стадион 45 миң адамга ылайыкталган. Дүйнөлүк футбол федерациясынын стандарты менен курулуп жатат. Курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн Англия жана Түркия өлкөлөрүнөн адистер келишти. Ал эми куруучулар өзүбүздүн жарандар. Эки жылдан кийин пайдаланууга берилет”, - деди Ташиев.

Мындан тышкары ал өлкө боюнча жалпы 12 стадион оңдоодон өткөрүлөрүн жана эки жаңы стадион куруларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан