Эртең, 6-апрелде түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,
Баткенде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15.
Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.