Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт

8-апрелден тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейинде памирлик кыргыздар электр жана газ ширетүүчү, айдоочулук жана тигүүчүлүк кесиптери боюнча окуй баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түзгөн.

"Лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдоп, жыйынтыгында памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кабыл алынып, №67 кесиптик лицейине окууга жөнөтүлө турган болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан