Бишкекте 7-апрелде боло турган велосезондун ачылышы иш-чарасы 28-апрелге жылдырылды. Бул жөнүндө мэрия билдирүү таратты.
Кабарга ылайык, саамалык аба ырайына байланыштуу жылдырылган. Аталган иш-чара 28-апрелде өтөт жана Бишкек шаарынын күнүнө арналат.
Спорттук иш-чаранын Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.