Бишкек менен Чүйдө жакынкы 3 саатта катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
"Жакынкы үч саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.