Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп Абибилла Кадырбердиев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган казыны жамаатка Муфтийдин 1-орун басары Самидин Атабаев тааныштырган.
Өмүр баяны
Абибилла Кадырбердиев 1977-жылдын 19-декабрында Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында туулган.
БИЛИМИ:
- 1996-жылы Совет айылындагы №72 Кесиптик-техникалык окуу жайында билим алып, «көркөм кооздоочу» адистигине ээ болгон.
- 2003-2007-жылдары Кадамжай районуна караштуу Өрүкзар айылындагы «Азирети Усман» атындагы медреседе окуган;
- “Азирети Усман” ислам медресеси;
- “Расул Акрам” ислам институту;
- Кадамжай району Совет шаарчасыдагы № 72 Кесиптик техникалык окуу жайы, Көркөм кооздочу адистиги.
- Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, бух.учет, анализ жана аудит факультети. Экономика адистиги
ЭМГЕК ЖОЛУ:
- 1997-1998 — 2004-жылга чейин Жаңы-Жер айылындагы №28 О. Абдрахманов атындагы орто мектебинде көркөм өнөр жана черчение сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенген;
- 2007-2009 — «Азирети Усман» медресесинде мүдүрдүн орун басары;
- 2009-2010 — Жаңы-Жер айылындагы «Имам Аьзам» атындагы мечитте имам;
- 2010-2015 — Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы «Имам Аьзам» медреседе баш мударрис;
- 2013-2016 — Жаңы-Жер айылындагы «Алхаади» атындагы мечитте имам-хатиб;
- 2014-2015 — Баткен облустук казыятында фатва бөлүмүнүн башчысы;
- 2014-жылдын 4-март Кыргызстан Аалымдар кеңешинин мүчөсү;
- 2015-жыл декабрь — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы.
- 2016-жыл, ноябрь — 2017-жыл, апрель — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2017-жыл 3-апрель — Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси.
- 2019-жылдын 19-февралынан 2021-жылдын апрель айына чейин Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
- 2021-жыл 26-июндагы Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайынын чечими менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
- 2021-жылдын 27-июлунан баштап, ушул жылдын 5-апрелине чейин Муфтийдин орун басары кызматын аркалап келген.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.