Кыргызстанда Орозо айтта 10 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов өткөргөн кеңешмеде маалымдалды.
Маалымдалгандай, жыйынга борбордук аппараттын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Орозо айт күнү республиканын аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жер-жерлерде нускамаларды өткөрүү тапшырмасы берилди.
"Бардык жетекчилер аткаруучулук тартипти, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо башка мамлекеттик органдары жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруусу зарыл. ИИМдин коомдук тартипти камсыздоого багытталган тапшырмалары кынтыксыз аткарылышы керек", - деди министрдин орун басары.