Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 17 миң 132 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Социалдык фонддон билдиришти.
Ага ылайык, мартта 5 миң 423 жаранга пенсия чектелди.
Мындан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1377 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.