Бишкекте тубаса оор патологиясы бар 7 балага операция жасалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР бөлүмүнүн дарыгерлери балдарга уникалдуу операцияларды жасашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, уникалдуу операциялар дарыгерлердин казакстандык кесиштеши отохирург, профессор Айгүл Медеулова менен биргеликте балдардын угуу органдарына жасалды.

Ага ылайык, жалпысынан кийин пайда болгон жана тубаса оор патологиясы бар 7 бала операция болду.

"Тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алып салуу, ортонку баш сөөк чункурчасынын катуу мээ чел кабыгындагы кемтикти сөөк мому менен жабуу жана ортонку кулакты тимпонопластика менен санитардык тазалоо боюнча операциялар жасалды",-деп айтылат маалыматта.

Маалыматта балдардын операциядан кийинки абалы туруктуу, үйлөрүнө чыгууга камданып жатышкандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан