Өлкө аймагында жүрүп жаткан "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында ӨКМдин кызматкерлери көчөт отургузуу акциясына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы Ош-Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Т.Салиев көчөсүндө 1500 түп бадам көчөтүн отургузду.