Раим Матраимовдун каты фейк экени айтылды

Фейсбук колдонуучу Асхат Осмонов Райымбек Матраимов абактан жазган каты деп тараткан маалыматы фейк. Бул тууралуу Искендер Матраимовдун уулу Мирлан Исмаилов билдирди.

"Официалдуу түрдө маалымат берип коёюн. Асхат Осмоновдун катындагы кол жазмасы да жана кол койгону да авамдыкы эмес",-деп билдирди Мирлан Исмаилов.



Бул тууралуу маалыматты Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да төгүндөдү.

"Асхат Осмонов деген жаран, Райымбек Матраимовдун абактан жазган каты деп өзү жазып алып, жалган маалымат таратып жатат.

Осмонов 2020-жылдан кийин бийликти сындап, жалган билдирүүлөрдү таратып, адепсиз кайрылуулары менен таанымал болчу. Кийин Америкага чыгып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Учурда Америкадан саясий баш паанек алыш үчүн, мурдагыдай адатын карматып, жалган маалымат таратып жатат.

Матраимов кат жазып таратса, Америкада жаткан Асхат Осмоновго бермек беле, адвокаты аркылуу жарыяламак. Андыктан, мындай апыртмаларга ишенбеңиздер. Бул жалган фейк маалымат", - деп жазды Орунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан