Бүгүн, 10-апрелде Ош шаарындагы 47 мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул жөнүндө шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, шаар мэри Бакытбек Жетигенов калаадагы Имам Аль Бухари-Алай мечитинде айт намазына катышып, шаар тургундарын жана конокторун айт майрамы менен куттуктады.
Эске салсак, быйыл Орозо 11-мартта башталган. Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугун эске алуу менен быйылкы Орозо айт намазы өлкөдөгү мечиттерде окулду.