Бишкекте 16-19-апрель күндөрү IX «Жаңы ысымдар» эл аралык театр фестивалы өтөт. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.
Маданият министрлигинен билдиргендей, фестиваль жыл сайын театрга тиешеси бар студенттердин, актёрлордун, режиссёрлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда өтөт.
Саамалык студенттердин сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатында өтүп келет.
Аталган фестивалда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
Жогорудагы номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.
Маалымат үчүн: Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып «Эл аралык» статусун алган.