ЖКККББ: "Айт намазында жол кырсыгы жана жол тыгыны катталган жок"

Бүгүн, 10-апрелде Орозо айт намазы өлкөдөгү мечиттерде окулду. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айт намазы учурунда жол кырсыгы жана жол тыгыны катталбаганын билдирди.

Ага ылайык, кызматкерлер өлкө аймагындагы бардык мечиттерге бөлүнүп, айт намазы маалында күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.

"Бишкектеги чоң мечиттеринде кызматкерлер жарандардын коопсуздугун сактоодо жана жол коопсуздугун камсыздоодо мечиттердин айланасында токтоп турган унааларды алдырып, жарандардын айт намазын окуганга ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти" деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан