Эртең, 11-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул Батыш-2 суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу экени маалымдалды.
Калаа бийлигинен кабарлашкандай, таза суу саат 9:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас проспектиси;
Дэн Сяопин проспектиси – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.