"Жардам кербенинин" бир бөлүгү Казакстандын Атырау облусуна бөлүндү

3000 чакырымга жакын жол жүргөн жардамдын бир бөлүгү Казакстандын Атырау облусунун жардам топтоочу логистикалык борборуна жеткирилип, 10-апрелде казак куткаруучулардын жана ыктыярчылардын жардамы менен түштү. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Кыргызстандан чыккан “Жардам кербени” 9-апрелде төрт багытка – Костанай, Актөбө, Орал (Уральск), Атырау облустарына бөлүнгөн.

"Боордош казак элге жеткирилген жардамда чатыр, керебет, конвекторлор, жууркан-төшөк, кийим-кече жана тамак аш топтому бар. Бул аймакка 4 оор жүк ташуучу унаа менен 80 тонна жүк келген",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан