Ош шаарындагы төрт конушка 1162 түп көчөт отургузулду

Ош шаарынын аймагында 23-марттан 5-апрелге чейин "Менин конушум - жашыл конуш" аттуу ишембилик жана көчөт отургузуу иш-чаралары өттү. Анын алкагында калаадагы төрт конушка 1162 түп көчөт отургузулду.

Мэриянын маалыматына ылайык, экологиялык өнөктүккө 600дөн ашуун жашоочу катышып, мектептердин, бала бакчалардын, медициналык мекемелердин короолоруна туя, каштан, эмен жана башка дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

"Алымбек Датка (Туран) муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Алай 1, 2, Эдельвейс конуштарында жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жалпы 1162 түп көчөт отургузулду" деп жазылат маалыматта.

Аталган иш-чаралар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" өнөктүгүн колдоо максатында, Швейцария тарабынан каржыланган "Аракет- Кыргызстандагы жаңы конуштарда жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлгөнү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан