Казакстанда суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Орал шаарына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орал шаарында атайын жардамды кабыл алуу жайына куткаруучулардын, шаар тургундарынын жардамында болжол менен 80 тонна жүк түшүрүлдү.
Белгилей кетсек, 9-апрелде Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам кербени багыт алган.