Жаан жаайт. Эртеңкиге күтүлгөн аба ырайы 

Эртең, 16-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +13… +18,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17,

Баткен жергесинде +8… +13, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +11…+16,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз + 12…+17.

Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн +11…+13, күндүз, +14…+16 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан