Директорлорду тандоо сынагы: 147 талапкер босого пайызды топтоду

Билим берүү жана илим министрлиги республика боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун компьютердик тестирлөөсүнөн 147 талапкер ийгиликтүү өткөндүгүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, тестирлөө 13-апрелде өтүп, катышуучулардын 52 пайызы белгиленген 60 пайыздык босого упайды топтоду:

Бишкек шаары – 17 талапкер,

Ош шаары – 3,

Баткен облусу – 9,

Жалал-Абад облусу – 25,

Чүй облусу – 10,

Нарын облусу – 16,

Талас облусу – 11,

Ош облусу – 32,

Ысык-Көл облусу – 17.

Республикалык баш ийүүдөгү мектеп-интернаттар – 7.

Сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча жалпы 490 талапкерден документ келип түшкөн. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 58 пайыз талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилсе, ал эми 42 пайыз талапкердин документтери белгиленген талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген.

Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан