Орусиянын "Урал Аба жолдору" авиакомпаниясы ушул жылдын 25-майынан тарта Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде, "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Сочи шаарына каттамдар жумасына бир жолу – ишенби күндөрү аткарылмакчы.
"Бул багытка байланыштуу бардык суроолор менен аталган авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.